HTTP протоколунда суранычтар жана жооптор
Колдонуучу браузерде кандайдыр бир сайттын кандайдыр бир бети ачылгысы келсин деп коёлу. Бул үчүн колдонуучу же кандайдыр бир шилтемени басып өтөт же браузердин дарек тилкесине URL дарегин терет. Бул учурда эки жол техникалык жактан эквиваленттүү.
Андан кийин браузер серверге сураныч (request) жөнөтөт, анда серверден көрсөтүлгөн URL дареги боюнча бетти берүүсүн суранат. Сервер браузердин суранычын кабыл алып, жооп (response) түзөт жана аны браузерге кайра жөнөтөт.
Сураныч жана жоуп жөнөкөй түрдө атайын тартипте офомдолгон саптардан турат. Бул саптарды офомдоонун эрежелерин HTTP протоколу жөнгө салат.
Ошентип кардар (клиент) менен сервердин ортосундагы баардык өз ара аракет пинг-понг оюнундагыдагы топ сыяктуу билдирүүлөрдү алмашып жөнөтүүгө келет.
Бул учурда суранычты баштап берүү милдеттүү. Бул сервер ар дайым браузердин суранычына жооп жөнөтөт дегенди билдирет. Сервердин браузерге өзү эч нерсе жөнөтүп кетүүсү мүмкүн эмес, браузердин мурунку суранычысыз.