RUP методологиясы
RUP методологиясы (Rational Unified Process, Рационалдык бириктирилген процесс) интернеттеги издөө системасы бар билим базасын түзөт. RUP методологиясы Rational Software компаниясы тарабынан түзүлгөн.
RUP методологиясы төмөнкү принциптерге негизделет:
- Өнөкөттөрдү эрте табуу жана туруктуу, иштелип чыгуу аяктаганга чейин, аны жоюу.
- Толук көңүл буруу кардардын талаптарына, иштелип жаткан продуктка коюлган.
- Долбоордун милдеттерин жана аны ишке ашыруу ыкмаларын өзгөртүүгө туруктуу даярдык.
- Долбоор боюнча иштегенде компоненттик архитектураны колдонуу.
- Долбоордун бардык иштеп чыгуу баскычтарында сапатын көзөмөлдөө.
- Долбоор боюнча иш процесси бириккен командада өтөт, анда башкы ролду архитекторлор ойнойт.
RUP методологиясын колдонуп долбоор боюнча иштөө төмөнкү баскычтарды камтыйт:
- Башталгыч баскыч (Inception), анда долбоордун түшүнүгү түзүлөт, анын экономикалык негиздемеси, өнөкөттөр бааланьп, прецеденттердин моделди түзүлөт.
- Тактоо (Elaboration). Бул баскычта келечектеги продукт талданат жана анын бардык деталдары кагазга түшүрүлөт, долбоордун архитектурасы долбоорлонот жана сыналат, такталып чыгат иштин мөөнөттөрү жана баасы, ошондой эле, мүмкүн болгон учурда, негизги өнөкөттөр азайтылат.
- Куруу (Construction), анда продукттун негизги иштеп чыгуусу жүрөт. Куруу аяктагандан кийин системанын биринчи сырткы релизи болуп өтөт жана баштапкы функционалдык даярдыктын белгиси белгиленет.
- Киргизүү (Transition). Бул баскычта продукт түзүлүп бүткөн, ал сыналгандан кийин кардарга өткөрүлөт. Эгер кардар алынган натыйжалар менен канааттанбаса, анда продукт кайрадан циклден өтөт, ал жогоруда көрсөтүлгөн бардык баскычтарды камтыйт.
Ошондой эле караңыз
-
RADтүшүнүгү,
ал аныкталбаган талаптар менен продуктту иштеп чыгууда колдонулат -
PMBOKметодологиясы,
ал долбоорду жүргүзүүгө структураланган мамиле үчүн колдонулат -
Cobitметодологиясы,
ал IT-аудит жана башкаруу тармагында стандарттарды иштеп чыгуу үчүн колдонулат -
ITILсунуштары,
ал IT менен бизнес стратегиясын айкалыштыруу үчүн стандарттарды аныктайт