Redux тиркемесин иштетүү
Эми, терминдер менен куралданып, биз кийинкилерде түзө турган Redux тиркемесинин иштөөсүнүн негизги этаптарын кыскача карап чыгабыз.
Тиркеменин иштөөсү биз буга чейин эскергендей, берилдердин бир багыттуулугу идеясына ылайык жүргүзүлөт.
Ишке киргизүү этабында (тиркеме биринчи жолу иштөөгө чыкканда) тамырдук reducer аркылуу store (кампа) түзүлөт. Кампа бул reducer'ди бир гана жолу чакырат жана аны кайтарган маанини баштапкы абал (initial state) катары жазат. Биринчи жолку рендерде тиркеменин компоненттери кампада жазылган учурдагы стейтти колдонушат. Ошондой эле, алар стейттин өзгөрүшү жөнүндө дароо билүү үчүн, кампан жаңыртууларына жазылышат.
Тиркеменин кийинки иштешинде төмөнкүдөй иштер болот. Айталы, колдонуучу чычкан менен баскычты чыркыды. Бул учурда коддун жардамы менен кампага жиберилген action (аракет) түзүлөт. Кампа кайрадан ичинде сакталган абал менен алынган action'ды пайдаланып, reducer'ди иштетет. Натыйжада өзгөртүлгөн стейттин мааниси жаңысы катары сакталат. Ошондой эле, кампа өзгөрүүлөргө жазылган компоненттерге өзгөрүүлөр болгону жөнүндө кабарлайт. Өз кезегинде компоненттер өздөрүнө керектелген абалдын бөлүктөрү өзгөргөндүгүн текшеришет. Акыр-аягы, эгерде өзгөрүүлөр болсо, анда компонент жаңы берилдерди көрсөтүү үчүн рендерди чакырат.