React'теги эффекттер
useEffect хугунун колдонулушун караардан мурун,
бизге React'теги эффекттер деген эмне экенин түшүнүшүбүз керек.
Эффекттер же жанаша эффекттер (side effects) - бул компонентке тышкы системалар менен туташып, синхрондашууга мүмкүндүк берген кошумча арекеттер.
Тышкы системалар деп React'тин көзөмөлүндө эмес болгон код бөлүктөрү же тиркемелер түшүнүлөт. Бул жерде тармак менен иштөө, браузердин DOM'у, анимация, үчүнчү тараптын UI китепканалары менен жазылган виджеттер жана React'те эмес жасалган башка тиркемелер каралат.
Эффекттер рендерингден кийин код иштетүүгө мүмкүндүк берет, ошентип сиздин компонентиңизди React'тин сыртындагы ушундай системалар менен синхрондаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.
Эффекттер компоненттин биринчи жолу чыгарылыш мезгилинде, байкалуучу маани өзгөргөндө же компоненттин жашоо циклы аяктаганда аткарылышы мүмкүн.
Эффекттер - бул React'тен чыгуунун "авариялык" люгу экенин эстен чыгарбоо керек, аларды көп колдонбоо керек.