Бир өзгөрмөгө бир нече let
Бир эле өзгөрмөнү бир нече жолу let
менен жарыялоого болбойт. Мисалы, төмөнкү
код катага алып келет:
let a = 1;
alert(a);
let a = 2;
alert(a);
Бул жерде маселе чечүүнүн эки варианты бар. Жөн эки башка өзгөрмө киргизсе болот:
let a = 1;
alert(a);
let b = 2;
alert(b);
Же алгач a өзгөрмөсүн жарыялап,
андан кийин аны менен амалдарды аткарса болот:
let a;
a = 1;
alert(a);
a = 2;
alert(a);