PHP'деги Өзгөрмөлөр
Ар бир программалоо тилинин негизги түшүнүгү өзгөрмө болуп саналат. Өзгөрмө бизге жол же сан сыяктуу каалаган маалыматтарды сактоого мүмкүндүк берген контейнер.
Ар бир өзгөрмөнүн латын тамгаларынан, сандардан жана
асты сызык белгилеринен турган аты болушу керек.
Бирок, PHP'де өзгөрмөнүн алдында доллар белгиси
$ жазылышы шарт, ал эми өзгөрмө атынын
биринчи символу сан болбошу керек.