CSS менен кантип иштөө керек
HTML'деги ар бир тегге CSS'тин аталган селектору туура келет. Мисалы, p тегине
CSS селектору p туура келет, анын жардамы менен биз HTML баракчасындагы бардык абзацтарга кайрылып, мисалы, алардын баарын бир эле убакта кызыл түскө боёй алабыз.
Селектордон кийин айкаш жаа коюлушу керек, анын ичинде CSS'тин касиеттерин жазуу керек. Касиеттер түстү, шрифттин өлчөмүн жана башка кызыктуу нерселерди белгилейт. Алар мындай форматта жазылышы керек: касиеттин аты, андан кийин кош нукча, андан кийин ошол касиеттин мааниси (мисалы, касиет - бул түс, ал эми "кызыл" - бул маани). Андан кийин нукчалуу чекит коюп, кийинки касиетти жаза аласыз.
Келгиле, мисалы, бардык абзацтарды кызыл түскө бояйлы:
p {
color: red;
}
Сиздин styles.css файлыңызга
абзацтарды кызыл түскө бояган кодду жазыңыз. Сайтыңыздын
баракчаларын браузерде ачып, бардык абзацтар
кызыл болгонун текшериңиз.