React'теги бир багыттуу маалымат агымы
Компонент өзүнүн абалын тукум компоненттердин пропс катары төмөнкү деңгээлге өткөрө алат. Бул процесс төмөн карай (top-down) же бир багыттуу (unidirectional) маалымат агымы деп аталат. Абал ар дайым белгилүү бир компонентке таандык, жана бул абал гана ушул компоненттин тукумдары болгон компоненттерге таасир этө алат.
Төмөн карай маалымат агымынан тышкары, жогору карай же тескери агым да бар. Ал тукум компоненттерде пайда болгон маалыматтарды, мисалы, колдонуучу тарабынан инпуттарга киргизилгендерди, өз ичине алат. Бул маалымат агымы тукум компоненттин пропсуна өткөрүлгөн функцияны чакыруу жолу менен ата-энесине өткөрүлөт.
Мурунку сабактардагы Products, Product
жана ProductField компоненттерин карап чыгыңыз.
Бул компоненттерде маалыматтар кантип жылганын сүрөттөңүз.