Angular компонентинин структурасы
src/app деген папкада проект түзүлгөндө
автоматтык түрдө түзүлгөн негизги компонент
жайгашат. Ал төмөнкү файлдык структурага ээ
болот:
- /src/app/
- app.component.html
- app.component.css
- app.component.ts
app.component.html файлында биздин
компонентибиздин версткасы жайгашат.
app.component.css файлында биздин
компонентибиздин стилдери жайгашат. Бул
жерде файлдын кеңейтилиши проект түзүлгөндө
жасалган орнотууларга жараша болот.
app.component.ts файлында биздин
компоненттин функционалы үчүн сиз жазган
TypeScript коду жайгашат.
Бул файлдар менен иштөөнү деталдуу түрдө кийинки сабактарда карайбыз.