JavaScript'те бөлүштүн калдыгы
% деген атайын оператор бар,
анын жардамы менен бир санды экинчи санга
бөлгөндөгү калдыкты табууга болот:
alert(10 % 3); // 1 деп чыгарат
Эгерде бир сан экинчи санга бөлүнсө - калдык нөлгө барабар болот:
alert(10 % 2); // 0 деп чыгарат
% операторун, албетте, сандарга гана
эмес, өзгөрмөлөргө да колдонсо болот:
let a = 10;
let b = 3;
alert(a % b); // 1 деп чыгарат
Төмөнкү өзгөрмөлөрдү бөлгөндөгү калдыкты табыңыз:
let a = 13;
let b = 5;