Python тапшырмалар китебинин 6.10 деңгээли
Параметр катары тамты кабыл алып, ал тамты кириллица же латын тамтысы экенин текшерүүчү функция жасаңыз.
Параметр катары тизме кабыл алып, тизменин элементтерин туш келди тартипте аралаштыруучу функция жасаңыз.
Сөздөрдү камтыган текст берилген. Бул тексттин бардык сөздөрүн атайын сөздүккө жазыңыз. Бул сөздүктө тамтар ачкычтар болот, ал эми маанилери - ушул тамтардан башталган сөздөрдүн тизмелери болот.
Параметр катары сан кабыл алып, кайтаруучу катары анын жөнөкөй сандар болгон бөлгүчтөрүнүн тизмесин кайтара турган функция жасаңыз.
Параметр катары сөз кабыл алып, кайтаруучу катары анын муундарынын тизмесин кайтара турган функция жасаңыз.