Python'да pip жардамы менен китепкананын бар экендигин текшерүү
Эгер китепкана орнотулганбы же жокпу текшерүү керек болсо, төмөнкү буйрук колдонулат:
pip show китепкананын аты
Код аткарылгандан кийин терминалда китепкананын версия номуру, анын авторлору жөнүндө маалымат, лицензиясы чыгат.
Келгиле, биздин операциялык системибизде numpy китепканасы барбы же жокпу текшерип көрөлү:
pip show numpy
Сизде matplotlib, dateparser, numpy китепканалары орнотулганбы же жокпу текшериңиз.