Python'до epoch форматында убакытты алуу
Python'до дата менен иштөөдө epoch деген
атайын формат бар, ал 1970-жылдын
1-январынан баштап учурга чейинки
(же белгиленген убакытка чейинки) өткөн
миллисекунддардын санын көрсөтөт.
Бул формат убакыт жөнүндөгү маалыматтарды
берүү жана сактоо үчүн абдан ыңгайлуу.
Epoch алуу үчүн алгач time модулун
импорттоп алышыбыз керек. Андан кийин
ага time деген атайын методду
колдонобуз. Келгиле, учурдагы убакытты
ушул форматада алалы:
import time
res = time.time()
print(res) # учурга чейинки миллисекунддардын санын чыгарат
Экранга учурдагы epoch чыгарыңыз.