Python'до функциялар менен иштөө боюнча практикум
Сизде студенттин аты жана фамилиясын, анын курс номерин кабыл алган өзгөрмөлөр бар деп коёлу. Бул өзгөрмөлөрдүн маанилерин экранга чыгара турган функция түзүңүз. Фамилиясы чоң тамгаларда, ал эми аты - биринчи тамгасы гана баш тамга менен жазылсын.
Тик бурчтуктун аянтын чыгара турган функция жасаңыз.
Параметри катары сапты кабыл алып, анын белгилеринин кортежин кайтара турган функция жасаңыз.
Эки санды текшере турган функция түзүңүз. Алардын кайсынысы чоң же барабар экени жөнүндө кабарларды чыгарсын.
Өзгөрмөнүн түрүн текшерип, эгер ал сан болсо, аны сапка айландыра турган функция жасаңыз.
1 ден берилген санга чейинки жуп сандар менен
тизме толтуруучу функция жасаңыз.
Сизде колдонуучулардын аты баш сөздүк катарында, жашы маани катарында сакталган сөздүк бар деп коёлу. Баш-маани жуптарын кортеж түрүндө чыгара турган функция түзүңүз.
Параметри катары санды кабыл алып, тиешелүү аптанын күнүн сап түрүндө кайтара турган функция жасаңыз.